Бугу 03, 2024
Убакыт: 19:19
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Иран коронавирусту жыт аркылуу аныктоо үчүн иттерди даярдай баштады

25.04.2020 10:29
1230
Иран коронавирусту жыт аркылуу аныктоо үчүн иттерди даярдай баштады


Иран коронавирусту жыт аркылуу аныктоо үчүн иттерди даярдай баштады. Бул тууралуу долбоордун өкүлү Хамид Реза Шири жалпыга маалымдоо каражатттарына билдирген.


Анын айтуусунда долбоор эки жума мурун башталган.  Ал эми иттерди даярдыктан өткөрүү Иран армиясынын колдоосу менен жүргүзүлүүдө.


 “Иттер адамдарга караганда жытты 20 000 эсе жакшы сезе алышат. Алар буга чейин айрым ооруларды, анын ичинде малярияны аныктоого үйрөтүлгөн. Изилдөөнүн биринчи баскычында биз иттер коронавирусту жуктурбай тургандыгын далилдедик. Азыркы тапта иттер эки жумадан бери вирус менен түздөн-түз иштеп жатат, бирок ар кандай баскычтардагы көптөгөн тесттер көрсөткөндөй, алардын бири да, машыктыруучулары да вируска чалдыккан жок”, - деген Хамид Реза Шири. 


Мындан сырткары ал учурда лабрадор, алтын түстүү ретривер, немис овчаркасы жана бордер-колли сыяктуу ар кандай тукумдардагы иттерди колдонулуп жатканын кошумчалады.  


Белгилей кетсек, мындай долбоорлор башка өлкөлөрдө анын ичинде Британияда дагы башталды. “Business Insider” маалымат порталынын маалыматына караганда, иттердин коронавирусту аныктоо жөндөмү Лондондун Гигиена жана тропикалык медицина мектеби (LSHTM), Дарем университети жана “Medical Detection Dogs” уюму тарабынан изилденүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн