Иран Ислам республикасы Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитинде уюмга мүчө болуп кириши күтүлүүдө. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Иран 16-17-сентябрда Душанбеде өтө турган ШКУнун саммитине катышып өздөрүнүн уюмга мүчөлүгүн бекитет. Саммитке Ирандын жаңы президенти Ибрагим Раиси катышат.
Шанхай кызматташтык уюмуна Россия, Индия, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө болуп саналат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн