Бүгүн, 21-февралда Иранда жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, жер титирөөнүн күчү 5,3 баллга жетти.
Бул жер силкинүүнүн таасири Түркия жана Сирияда, ошондой эле Жер ортолук деңиздин бүт жээгинде байкалган.
Эскерте кетсек, бүгүн түндө Түркиянын Хатай провинциясында кайрадан жер титирөө катталып, 3 адам каза тапкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн