Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Иранда калып калган 60 айдоочунун маселеси чечилип, Кыргызстанга кайтып келе жатат

22.03.2020 21:23
655
Иранда калып калган 60 айдоочунун маселеси чечилип, Кыргызстанга кайтып келе жатат


Ирандын аймагында калып калган 60 айдоочунун маселеси чечилип, Кыргызстанга кайтып келе жатышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.  


Маалыматка ылайык,  Азербайжан жана Түркмөнстан өз чек арасын жапкандыгына байланыштуу Ирандын аймагында калып калган 60 жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кыргызстанга кайтып келе жатышат.  Учурда 60 айдоочунун ичинен 21и Россиянын аймагында турат жана россия-казак чек арасы тарапка, «Караозек» көзөмөл-өткөрмө жайына жөнөшүүдө. 10 унаа Азербайжандын Россия менен чек арасындагы «Самур» көзөмөл-өткөрмө жайынан өтүү үчүн күтүп турушат. 25 унаа Казакстан аркылуу Кыргызстанга келе жатат. Дагы бир айдоочу Казакстандын Россия менен чек арасынан өткөндөн кийин карантинге алынды, анткени ал Казакстандын жараны. 


Ал эми Тышкы иштер министрлиги учурда бул маселе өзгөчө көзөмөлдө, ал эми айдоочулар менен үзгүлтүксүз байланыш бар экендигин билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн