Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:32
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Иранда клиникада жарылуу орун алып, 19 адам каза болду

01.07.2020 14:10
919
Иранда клиникада жарылуу орун алып, 19 адам каза болду


Ирандын борбору Тегерандагы клиникада жарылуу орун алып 19 адам каза болду. Бул тууралуу аталган  өлкөнүн “Тез жардам” кызматынын расмий өкүлү Можтеба Халедке көрсөтмө берип чет элдик басылмалар жазып чыкты.


“Кырсыктын кесепетинен 24 адам жаракат алып, тогузу бейтапканага жаткырылып, дагы 15и окуя болгон жерде биринчи жардамды алган. Тилеке каршы 19 адам каза болду”, - деп айтылат билдирүүдө.


Аймактын коопсуздук маселеси боюнча губернаторунун орун басары Хамидреза Гударзи окуяга байланыштуу бир нече адам кармалганын, арасында клиниканын жетекчиси да бар экенин айткан.


Жарылуунун келип чыгуусуна болжолду түрдө мекеменин эң астынкы кабатында жайгашкан газдын чыгуусу менен өрт кошулуп, жарылууга алып келгенин кабарлашкан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн