Бугу 13, 2024
Убакыт: 15:37
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Иранда коронавирустан каза болгондор сутканын рекорддук көрсөткүчүнө жетти

29.06.2020 17:54
449
Иранда коронавирустан каза болгондор сутканын рекорддук көрсөткүчүнө жетти


Иранда коронавирус инфекциясынан 160 ашык адам каза болуп, пандемия башталгандан берки эң көп көрсөткүч катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, өткөн суткада 2 536 кишиден оору аныкталып, 162 бейтап каза болгон.


Дартка чалдыккандардын жалпы саны 225 205 кишиге жетип, алардын 10 670и инфекциядан көз жумган. 186 180 киши оорудан айыккан.


Билдирүүгө караганда, буга чейин 4-апрелде вирустан 158 адам көз жумуп, сутканын эң көп көрсөткүчү болуп катталган.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 10 154 984 бейтапка жетти.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн