Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Иранда өзбек тектүү жаран дарга асылды

20.06.2022 17:28
894
Иранда өзбек тектүү жаран дарга асылды


Иран апрель айында Имам Реза мавзолейинде эки шиит диниятчысын өлтүрүүгө жана дагы бир адамды жарадар кылууга шектелген 21 жаштагы өзбек тектүү Абдолатиф Морадини өлүм жазасына тартты. Ал Ирандын түндүк-чыгышындагы Мешхед шаарында Вакилабад түрмөсүндө дарга асылганын аталган аймактын башкы судьясы Голамали Садехи билдирди. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысы жазып чыкты.

5-апрелде Мешхед шаарындагы мавзолейде диний кызматкерлер Хаятолислам Мохаммад Аслани жана Мохаммад Садех Дараейи бычакталып өлтүрүлгөн. Чабуул Рамазан айында мавзолейде зыяратчылардын жоон тобу жүргөн учурда болгон.

Ирандын ички иштер министри Ахмад Вахиди бул окуяны "террорчул чабуул" деп атап, буга такфиризмдин жактоочуларын жана сунниттердин радикалдуу топторун күнөөлөгөн.

Апрель айындагы чабуулдан эки күн мурда Ирандын түндүгүндөгү Гомбеде-Кавус шаарындагы мечитте да эки имамды атып кетишкен.

Исламдын суннит багытын кармангандар Ирандын 83 миллиондой калкынын 5-10 пайызын гана түзөт. Ирандыктардын басымдуу бөлүгү өздөрүн шиит мусулмандары деп эсептешет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн