Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:51
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Иранда президент Раиси бараткан тик учак кырсыкка кабылды

20.05.2024 08:19
3665
Иранда президент Раиси бараткан тик учак кырсыкка кабылды


Ирандын президенти Эбрахим Раиси бараткан тик учак өлкөнүн түндүк-батышында кырсыкка учурады.


РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянып кабарлагандай, тик учак Чыгыш Азербайжан провинциясынын Жулфа шаарына катуу конгон. 


Мамлекет башчынын кортежинде үч тик учак болгон. Кырсык болгон кеменин бортунда президенттен тышкары республиканын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана Чыгыш Азербайжандын губернатору Малик Рахмати болгон. Башка тик учакта бараткан энергетика жана жол министрлери Али Акбар Мехрабиан менен Мехрдад Базрпаш көздөгөн жерине жеткен.


IRNA маалымат агенттиги куткаруучулар аймакка жетип, издөө иштерин баштаганын билдирди. Операцияга 16 отряд катышууда. Ал жакка куткаруучулары бар тик учак да жөнөтүлгөн, бирок ал аба ырайына байланыштуу коно албай, артка кайтууга аргасыз болгон.


Кийинчерээк Tasnim агенттиги президенттик учактын так жайгашкан жерин аныктоо мүмкүн болгонун кабарлады. Ал Узи кыштагына жакын алыскы аймакка катуу конгон. Кырсык болгон жерге сегиз тез жардам унаасы жөнөтүлдү.


Раиси Азербайжанга жекшемби күнү барган. Ал жерде өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен бирге “Худаферин” ГЭСин ишке киргизүү аземине жана Араз дарыясында курулган Гиз Галасы ГЭСинин ачылышына катышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн