Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ирандан чыга албай жаткан Кыргызстандык жүк ташуучулар Азербайжан аркылуу кайтат

11.03.2020 16:32
755
Ирандан чыга албай жаткан Кыргызстандык жүк ташуучулар Азербайжан аркылуу кайтат

Ирандын аймагында калган кыргызстандык жүк ташуучуларды Азербайжан аркылуу өткөрүү сүйлөшүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн тийиштүү мекемелери сүйлөшүлөрдү жүргүзүп, транзит аркылуу кайтаруу каралган.

Иран менен Азербайжандын ортосундагы “Астара” көзөмөл-өткөрмө бекетинен 23 оор жүк ташуучу камазддын он бири өткөн. Ал эми калган он эки жүк ташуучу унаа бажы текшерүүсүнөн өтүп жатат.

ТИМдин берген маалыматында 62 кыргызстандык айдоочу бар экени айтылат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Самат
Мекендештерди тар жолго таштабайбыз.