Бугу 04, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ирандын футбол командасы афганстандыктарды 6:1 эсеби менен жеңди

14.06.2023 09:12
1251
Ирандын футбол командасы афганстандыктарды 6:1 эсеби менен жеңди


Бишкекте CAFA Nations Cup 2023 турниринин алкагында Иран менен Афганстандын курама командаларынын беттеши өттү. Анда Иран командасы афганстандык каршылаштарын 6:1 эсеби менен жеңип алды.


Эске салсак, бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары Афганстандын спортчуларын 3:0 эсебинде жеңди деген калыстардын бүтүмү чыкты. Борбор азиялык футбол ассоциациясынын (CAFA) аткаруу комитети ушундай чечимге келген.


10-июнда Кыргызстандын футбол командасы афганстандык каршылаштарын 1:0 эсеби менен жеңген. Гол беттештин соңку мүнөттөрүндө киргизилген. Бул чечимден кийин атаандаш команда финалдык ышкырыкты күтпөй, машыктыруучунун чакырыгы менен оюн талаасын таштап чыгып кетишкен. Тренер мындай кадамга калыстарга болгон нааразылыгынан улам барды дешкен.


CAFA Nations Cup 2023 эл аралык чемпионаты биринчи жолу улуттук команданын деңгээлинде 11-июндан 20-июнга чейин өткөрүлөт. 


Кыргызстандын курама командасы тайпалык баскычта Афганстан, Иран менен ойномок. Ушул эле убакта Ташкентте Өзбекстан, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстан курама командаларынын оюндары өтөт. Мелдештин жеңүүчүлөрү 20-июнда Ташкенттеги финалда жолугат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн