Бугу 12, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ирандын президенти МАГАТЭге эскертүү жасады

24.06.2020 15:14
1108
Ирандын президенти МАГАТЭге эскертүү жасады


Ирандын президенти Хасан Роухани бүгүн, 24-июнда мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу “эгерде МАГАТЭ АКШ жана Израилдин кысымы менен Тегеранга карата тескери чечим кабыл ала турган болсо жооп аракеттер жасалат” деп эскертти.


“Акыркы мезгилде Израиль жана АКШнын агенттери МАГАТЭге эпсиз кысымдарды көрсөтүшүүдө жана мен бул шылуундар агенттиктин көңүлүн бузат деп кооптоном”, - деп айтты Роухани.


Иран АКШ менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирген президент Роухани: “Биздин позициябыз ачык айкын – АКШ эл аралык укук эрежелерине баш ийүүсү, Ирандан кечирим суроосу жана келтирилген зыяндардын ордун толтуруусу керек”, - деди.


Эске салсак, 19-июнда МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Ирандын эки объектисине кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү талабы камтылган резолюцияны кабыл алган.


Резолюцияны кеңешке мүчө 35 мамлекеттин 25и колдоп, Россия менен Кытай каршы добуш беришкен. Ал эми Ирандын өкүлү Казем Гариб Абади резолюцияга макул эместигин билдирип, жооп аракеттер болоорун эскерткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн