Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:41
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Ирандын президенти түшкөн тик учактын кулашынын себеби маалым болду

21.05.2024 09:44
3481
Ирандын президенти түшкөн тик учактын кулашынын себеби маалым болду


Ирандын президенти Эбрахим Раиси түшкөн тик учактын кулашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттигине шилтеме кылып РИА Новостибилдирди. 


“Раиси жекшемби күнү (19-майда) техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаган тик учактын кыйроосунан улам каза болгон”, — деп жазылган маалыматта.


Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бара жаткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болгонун тастыктады. Буга байланыштуу Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн