Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ирандын улуттук валютасынын аталышы алмашат

06.05.2020 09:07
1053
Ирандын улуттук валютасынын аталышы алмашат


Иран парламенти улуттук валютасынын аталышын өзгөртүү жана деноминациялоо мыйзам долбоорун бекитти.


Мыйзам долбооруна ылайык, Ирандын улуттук валютасы туман деп аталат. Буга чейин расмий аталышы риал болгон. Алмашуу учурунда 10 миң риал бир туманга туура келип калат.


Маалыматка ылайык, валютаны алмаштыруу акырындык менен жүргүзүлөт. Туман менен риалдын параллелдик айлануу мезгили үч жылга чейин созулат. Борбордук банк жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин эки жылдын ичинде өткөөл мезгилдин башталышын камсыз кылууга милдеттүү.


Туман ирандыктар үчүн улуттук валютасынын жаңы аталышы эмес. 1932-жылы Иранда акча реформасы жүргүзүлүп, перс туманынын ордуна риал киргизилген. Эми акча эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүү максатында кайрадан алмаштырылган. 


Айрым маалымат булактары мындай чара америкалык санкциялардан жана пандемиядан улам пайда болгон гиперинфляцияга каршы көрүлүп жатканын жазышууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн