Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ирандын жаңы президенти ант берет

05.08.2021 12:11
639
Ирандын жаңы президенти ант берет

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген делегация иш сапары менен Иран Ислам Республикасына учуп кетти.


Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов, ошондой эле Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков бар.


Кыргыз Республикасынын делегациясы Иран Ислам Республикасынын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына катышат.


Иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Т. Мамытовдун Иран Ислам Республикасынын жетекчилери, ошондой эле инаугурация салтанатына келген чет элдик делегациялардын башчылары менен жолугушуусу пландаштырылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн