Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ырчы Анжелика: Сыйлыгымды тапшырып берүүгө даярмын

15.01.2021 14:13
1536
Ырчы Анжелика: Сыйлыгымды тапшырып берүүгө даярмын


Мен дагы башында ыплас сөздөр менен коштолгон көрсөтүүнү атактуулардын оозунан чыгып жатканын көрүп, демек, булар бизге күндө сөгүнүп жазган комментаторлордун катарын толуктагандардан турбайбы деп, ойлонуп калгам. Себеби, бизге күндө укмуш сөздөрдү жазган адамдар жан кейите капаландырат .


Көрсөтүүнүн мазмуну: бир алып баруучу алдын ала каарманга жазылган кептерди окуйт экен. Жалаң – болгон тешик жана дене органдары тууралуу, адамдын жыныстык ориентациясына асылуу, шылдыңдоо. Кайрат жөн жерден илинип калды. Ал дагы каарман болуп барып, айла жок, чычалабастан кошо күлүп кутулган. Куралдын мындан мурун дагы катталуучуларына колун көрсөтүп “мына силерге” деп пост менен хейтерлерге кайрылган. Мен катталуучу катары ортончу кызым менен инста карап жатып, аны көрүп калдым.


Демек, бизди жаштардан баштап улуу муун, менталитет башка экенин эсибизге тутушубуз керек. Эл чучугуңа тийген сөздү жазса дагы, бир ойлонуп, сабырдуулук менен ишке алаксып жеңиш керек экен. Ал эми сыйлыктар боюнча – алса ала берсин! Эртеңки күн дагы бар. Чыгармачылыгыңарды курчутуп, альбом чыгарып, концерт берип, элдин силерге болгон сүйүүсүн көрсөткүлө. Эмгек сиңиргенди эки-үч ыры бар ырчылар деле алып, өмүрүн маданиятка арнагандар четте калып кетип жатпайбы.


Америкада мындай сыйлыктары жок эле ырчылар дүйнө жүзүн багындырып келе жатышпайбы. Жеңилдик жаратпаган “маданият кызматери” деген төш белгини мен 12 жыл мурун алгам, Эркинге кошулуп, аны тапшырып берүүгө даярмын. Күнөөнүн баары – маданият министрлигинде. Биринчи, бизге көңул бөлүп, жолугуу уюштуруп, таанышып, алдыга пландарды жазып, кайрымдуулук, мамлекеттик концерттерди, иштерди чогуу жасайлы деп, келгиле минтели деп туура жолго салуу, маданиятка чакыруу болуш керек болчу.


Андан дагы чоң проблема – бул фейктер. Фейк баракча менен сайт ачып, журналисттин терисин жамынып, ар кайсы ушактарды жазып элди жинди кылып кырылыштыргандар. Биздин атыбызды сатып карапайым элди тоногондорду кармап, жазасын бериш керек. Азыр сен жаман, мен жаман деген заман эмес. Реалдуу болуңуздар. Улутубузду, тилибизди кор кылбайлы. Суранам, жаман сөз жазбайлы эч бир баракчадагы сасык маалыматтарга.


Анжелика Кайратова, ырчы

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эсен
Сыйлыкты ушинтип татыксыз адамдарга таратып бере берсе ушинтип баркы жок болуп калат экен да.