Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:39
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ырчы Анжеликанын анализинен COVID аныкталды

05.04.2021 11:07
1962
Ырчы Анжеликанын анализинен COVID аныкталды


Ырчы Анжелика Кайратовна коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасынан түз эфир аркылуу элге жасаган кайрылуусунда билдирди.


Анын айтымында, кечээ, 4-апрелде дене табы көтөрүлүп, абалы начарлай баштаган. Мындан улам ал ПЦР-анализ тапшырган, анын натыйжасында COVID вирусун жуктуруп алганы аныкталды.

“Мындан эки күн мурун эл чогулган жыйналышка баргам. Эртеси жөтөлүп калыптырмын, кийинки күнү алым кетип, дене табым көтөрүлүп баштады. Учурда жыт сезбей калдым”, - деп билдирди ырчы.

Ошондой эле ал вирус жуктуруп алганын жаңы билгенде өзүн жаман сезип, ыйлагысы келгенин кошумчалады. Мындан улам жалпы элди коопсуздук эрежелерин сактоого, өзүн обочо алып жүрүүгө жана беткап тагынып жүрүүгө чакырды.      

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн