Эстрада ырчысы Асел Кадырбекова белгисиз адамдар тарабынан коркутууларга дуушар болууда. Бул тууралуу ырчы Инстаграм баракчасына жазды.
"Эгер апам экөөбүзгө бир нерсе болсо менин жакындарым кимди күнөөлөштү билет. Мени коркутуп жатышат. Бирок бул адамдан мындайды күтүүгө да болот болчу. Менде аудио жазуулар, телефон чалуулар диктофонго сакталган. Эгер дагы да коркутуу болсо анда аларды ачыкка чыгарам. Эгер бул жакка чыгарганга мүмкүн болбой калса, анда журналисттерге берем. Мен азыр дагы калыбыма келүү абалындамын, бирок ал мени ачуулантып жатат. Дарыгерлер мага ден соолугуң тезирээк калыбына келиш үчүн эч качан нерв болбош керектигин айткан. Бирок ал адам ушуну каалап жатат", - деп билдирди ырчы айым.
Пикирлер (1)