Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:12
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ырчы Бек Исраилов маданият министрлиги тарабынан сыйланды

29.07.2022 16:30
1226
Ырчы Бек Исраилов маданият министрлиги тарабынан сыйланды


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов "Славян базары - 2022" эл аралык фестивалында 3-орунду ээлеген белгилүү ырчы Бек Исраилов менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Азамат Жаманкулов ырчынын чыгармачылыгына ийгилик каалап, анын чыгармачылыгын ар тараптан колдоого алып, эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшө турганын билдирди.

Ошондой эле, өнөр жаатында өлкө даңкын эл аралык аренада таанытууда көрсөткөн аткаруучулук чеберчилиги үчүн ыраазычылык баракчасы менен сыйлады.

Белгилей кетсек, 18-июлда Витебск шаарында (Беларусь) 31-эл аралык музыкалык фестивалы жыйынтыкталып, кыргызстандык Бек Исраилов 3-орунду ээлеген.

Эске салсак, Бек Исраилов буга чейин Юрмалада өткөн “Новая волна” сынагынын лауреаты, Чолпон-Ата шаарында өкөн “Кадыр түн” сынагынын жеңүүчүсү жана башка эл аралык сынактарда баш байгелерди жеңгени менен белгилүү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн