Теке 28, 2025
Убакыт: 01:25
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Ырчы Малик Аликеевге экинчи жолу операция жасалып, министр андан кабар алды

21.07.2020 09:17
1218
Ырчы Малик Аликеевге экинчи жолу операция жасалып, министр андан кабар алды


Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткан ырчы Малик Аликеевге экинчи жолу операция жасалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, операция 20-июлда жасалган. Андан министр Азамат Жаманкулов ырчынын абалынан кабар алды. 


"Малик Аликеевге жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ал ийгиликтүү жыйынтыкталды. Жакынкы күндөрдүн ичинде ырчы ооруканадан чыгарылат", - деп айтылат маалыматта. 


Буга чейин ырчынын буту жабыркап, операцияга муктаж экени маалымдалган


Малик Аликеев 1969-жылы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн. Ал «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым» жана башка ырларды аткарып, элге таанылган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн