Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ырчы Малика Дина Баку шаарында өткөн эл аралык сыйлык тапшыруу аземинде жеңүүчү болду

29.03.2023 17:40
2636
Ырчы Малика Дина Баку шаарында өткөн эл аралык сыйлык тапшыруу аземинде жеңүүчү болду


Кыргызстандык ырчы Малика Дина Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн "Global Repuation Awards" эл аралык сыйлык тапшыруу аземинде "The celebrity singer of the Asia" номинациясын жеңип алды. Мындай маалыматты Маданият министрлигине Малика Дина өзү кабарлады.

Белгилүү болгондой, "Global Repuation Awards" бул бизнес дүйнөсүндөгү глобалдык кызматташтык идеяларын бириктирген долбоор.

Негизги максаты — бул тармакта жогорку натыйжалары менен айырмаланган адамдарды бири-бири менен жакындан тааныштыруу жана алардын иш-аракетин колдоо жана баалоо болуп саналат. 

Номинацияга ээ болуп, сыйлык алгандардын арасында кыргыз ырчысы Малика Динадан тышкары өзбекстандык ишкер айым Луиза Шарахметова, түркиялык жазуучусу Эндер Сарач, түрк зергер буюмдарынын брендинин негиздөөчүсү Мюге Онаг, Өзбек актрисасы Асоль Шодиева жана башкалар бар.

Иш-чара дүйнөнүн белгилүү бренддеринин негиздөөчүлөрү, ошондой эле бул чөйрөдө добуш берүүгө укугу бар белгилүү инсандардын катышуусунда өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн