Бугу 11, 2024
Убакыт: 20:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ырчы Самара Каримованын атасы Эрмек Каримов дүйнө салды

18.12.2021 07:06
1053
Ырчы Самара Каримованын атасы Эрмек Каримов дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын атасы Эрмек Каримов каза болду.
Бул тууралуу ырчы өзүнун социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.




«Аска зоом кулады , таянар тоом кулады….
Кудайдын улуу күнүндө, ыйык жумада атакемден айрылдык
Кыргыз музыкасына салым кошкон, боюна музыка жыйнаган, көкүрөгүнө өнөр атакем Эрмек Каримов 75жаш курагында, бизди таштап чын дүйнөгө көчтү, ажал алдында алсыз экениме дүйнөм өрттөнүп, макул боло албай турам бирок кантем, жазмышка баш ийбеске чарам барбы…
Колубуздан келишинче аракет кылдык, ден-соолугуна кам көрүп, ар күнү жараткандан атама күч кубат, ден соолук тиледим эле…
Атамдын ден соолугуна кам көрүп операцияларды кылган Мамбет Мамакеев атабызга, Миталип Мамытов атабызга Сабырбек Жумабеков агабызга, жана баардык дарыгерлерге, ооруканада эмгектенген жалпы өмүр сакчыларына башымды ийип таазим этем. Жалпы аракет кылдык бирок жараткандын амирине каршы тура албайт экенбиз, өлүмгө өкүм жүргүзө албайт экенбиз…
Канчалык аракет кылсак да эркибизге койбой ажал атамды колубуздан сууруп кетти. Асылым атам, карааңындан кагылам атам…
Сиз ар дайым биздин жүрөгүбүздө жашайсыз…
Менин ар бир аракетим сиздин мага кылган эмгегиңизге арналат…
Сиздей камкор атанын кызы болгонум үчүн тагдырга миң мертебе ыраазымын….
Биз сизге ыраазыбыз атаке…
Көп жыл төшөктө жаттыңыз , апакеме да чоң таазим.
Атамды тааныган баарыңыздарды жаназага чакырабыз.

Жаназа 18-декабрда Лейлек районунун Айкөл айылында болот",- деп билдирүү калтырган ырчы айым.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн