Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:38
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ырдай алган, тамашакөй жана таттуу убадаларды берген талапкерлер

06.04.2021 11:51
927
Ырдай алган, тамашакөй жана таттуу убадаларды берген талапкерлер

Ушул жолку жергиликтүү кеңештерге карата шайлоонун үгүт өнөктүгү мурдагылардан алдаканча кызуу жүрүп жатканын байкоого болот. Өзгөчө Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине аттанып жаткан партиялардын ортосунда атаандаштык кызуу жүрүүдө.


Көрсө, биздин талапкерлерлер тамашоучулар менен чогуу тамаша жаратып, ырчылар менен чогуу ырдай алышат экен. Жакында эле бир талапкерлер айтылуу обончу Түгөлбай Казаковдун «Жамгыр төктү» аттуу ырын студияда ырдаганын жарыялады. Болгондо да кыргыз тилин жакшы билбеген адамдай болуп ырдады. Ырды бузуп ырдады. Ага чейин ошол эле талапкер Айзада Жамгырчиева аттуу алып баруучу кыз менен «Мени тандасаңар шаардын көчөлөрүндө шиш така менен каалагандай басып каласыңар» деген маанидеги ролик даярдаганын билебиз.


Дагы бир партиянын талапкери тамашоучулар менен чогуу «машина түртүшкөн» ролик тартып жарыялады. Айтор, азыр талапкерлердин баары жөнөкөй, карапайым, элге өтө эле жакын адам болуп көрүнүү менен алек. Айрым партиялар заманбап дааратканасы менен аялдамаларды куруп жиберебиз дешүүдө. Айрымдары шаардын үстүн каптап калуучу ышты жок кылуунун жолун билебиз деп турушат. Шаардын тазалыгына камкордук көрүп, ишембилик жасап жибергендери болду. «Шаардагы пенсионерлерди күнүнө бекер нан менен камсыздайм» деген талапкер жүрөт.


Айтор, шайлоонун шаңы жакшы жүрүп жатат. Бирок, эмне себептен бул партиялар шайлоолордун алдында эле ушинтип жабырап чыга калышат деген суроо узак жылдардан бери бар. Эмнеге бул партиялар өткөн жылы жаз мезгилинде шаардын тазалыгы үчүн ишембилик жасашкан эмес? Эгер чындап эле шаар үчүн камкордук көргүлөрү келсе, тазалыгын сактоону каалашса, анда шайлоо болбогон жылы деле ишембилик уюштуруп коюшса болот беле?


Ошол ырдап жаткан, анан да тамашөкөй болуп көрүнгөн талапкер шаардын пенсионерлерине бекер нан күнүнө таратып тургусу келсе, сөзсүз эле шаардык кеңештин депутаты болушу керекпи? Ал депутат болбосо деле андай мүмкүнчүлүгү бар го. Шаардын ышын жок кылуунун жолун билген партия эмнеге аны сыр кылып катып отурат? Шаардык кеңешке өтпөй калышса, кантип ышты кетирүү жолун айтпай коюшабы?


Азыр шаардык кеңешке аттанып жаткан партиялардын катарындагы талапкерлердин көбү ишкерлер, капчыгы калыңдар. Көпчүлүгү курулуш компанияларынын ээлери. Эгерде алар эл үчүн иштөөнү башкы максат катары коюшса, анда шайлоонун алдында эле жабырап чыга калышпайт болчу. Депутат болбой деле карууларын казык кылып иштеп беришмек. Анын үстүнө азыр ат салышып жаткан партиялардын көпчүлүгүн коомчулук биринчи жолу угуп жатат. Көпчүлүк талапкерлер деле ошол партияларга жакында эле келип кошула калышты. Демек, ал партиялар да шайлоо алдында эле жасалма жол менен «тирилип» чыга калган партиялар. Болбосо, буга чейин ал партиялардын эмне иш менен алек болушканын, шаардыктар үчүн кандай иштерди жасап келишкенин билет элек. Эми шайлоо аяктагандан кийин, өтпөй калган партиялар кайрадан кийинки шайлоого чейин «уйкуга» кетише турганына бөркүңүздөй ишене бериңиз. Демек, туруктуу иштебеген партиялар. Анан кантип аларга ишенүүгө болот? Же алдап жатышканын билип туруп деле ишене берелиби?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн