Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 10:53
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.945
0.970

Ири суммада жасалма доллар сатууга аракет кылган жаран кармалды (Видео)

03.03.2021 21:49
892
Ири суммада жасалма доллар сатууга аракет кылган жаран кармалды (Видео)


ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош жана Жалал-Абад облусунун аймагында белгисиз адам жасалма АКШ долларын сатуу менен алектенет деген ыкчам маалымат алышкан.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Топтолгон материалдар КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган. 


   Жасалма акчалар менен алектенгендерди аныктоо жана бетин ачуу максатында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы комплекстүү уюштуруучулук жана ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.


 Кылмышкерлер жасалма 1000 АКШ долларын накта 350 АКШ долларына алмаштырууга аракет кылышкан. Сатып алуучу катары ыкчам кызматкерлер өздөрү барышкан. 


 2021-жылдын 1-мартында болжол менен 21:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунда жасалма 17500 АКШ долларын накта 5000 АКШ долларына сатып алмаштырууга аракет кылган учурунда ушул эле облустун жашоочусу 1986-жылы туулган А.А. кармалды. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.  


   Жасалма акча каражаттарын даярдоонун сапаты менен деңгээли өтө жогору жана болжолдуу маалымат боюнча жакынкы мамлекеттердин биринен алынып келинген. Акыркы жылдары жасалма чет өлкөлүк акча каражаттарды даярдоо жана сатуу фактысы катталганы биринчи жолу эмес. Акчанын белгилерин жасалмалоо жана сатуу ыкмаларын ар дайым өнүктүрүүсүнө, кылмышкерлердин уюштуруучулугуна укук коргоо органдарынан мындай фактыларга бөгөт коюу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугу үчүн алардын терс таасирин тийгизбөө максатында натыйжалуу чечимдерди кабыл алыш керек. 


    Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.  

 Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн бул кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүруп жатат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн