Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү аялды коркутуп, шантаж кылып акча талап кылган

09.08.2023 10:50
311
Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү аялды коркутуп, шантаж кылып акча талап кылган


Ири суммадагы акча каражатын алып жаткан учурунда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.у.Н. кармалды. Ал мурда мурда үч жолу соттолгон.

УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 208-беренесинин 8-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, учурда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №31 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-ж.т. Нарын облусунун тургуну О.у.Н. кармалды.

Ал акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган.

Кармалган О.у.Н. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн