Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:44
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ири суммадагы алдамчылыкка шектелген жаран үй камагынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди

08.02.2021 17:22
569
Ири суммадагы алдамчылыкка шектелген жаран үй камагынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан январь айынын башында кармалган алдамчылыкка шектелген Дөлөтбак Акимканов кайрадан убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


«Ал 7-январда оор кылмышка - ири суммадагы алдамчылыкка - 600 000 доллар өлчөмүндөгү кылмышка шектелип кармалган. 8-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны үй камагына чыгарды. 4-февралда Башкы прокуратуранын аппеляциялык арызы боюнча Бишкек шаардык соту Акимкановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, убактылуу кармоочу жайга киргизди», - деп билдиришти башкармалыктан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмышка шектүү бир нече жолу алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалаганы үчүн жоопко тартылган. Ички иштер органдарынын финанс полициясы ага карата ушундай эле сотко чейинки өндүрүштү талап кылды.

 «Урматтуу жарандар! Эгерде сиз көрсөтүлгөн адамдын курмандыгы болуп калсаңыз, анда Финансы полициясына тезинен кайрылууну сунуштайбыз. Учурда бардык зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүрүп жатат», - деп белгилешти мекемеден.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн