Режиссёр, актриса Ырыс Жоомартова бирөөнүн күйөөсүн бузуп алган деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Биз жолдошум экөөбүз 31 жылдан бери чогуу жашап келе жатабыз. Ортобузда көп сыноолор болду. Баарын жеңип келе жатабыз. Жолдошум момун. Бирок бир "взгляд" менен баарын түшүндүрүп коёт. Ал менин сүйгөн кесибим менен иштешиме колдоо көрсөтүп келе жатат.
Бирөөнүн күйөөсүн бузуп алыптыр дегендерге жооп: биз 31 жылдан бери чогуу жашайбыз",- деп билдирүү калтырган Жоомартова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн