Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:56
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Ирландия менен Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди активдештирет

09.06.2020 10:09
893
Ирландия менен Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди активдештирет


Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 8-июнда Ирландиянын вице-премьер-министри, тышкы иштер жана соода министри Саймон Ковени менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.


Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана карантиндик чектөөлөрдү жеңилдетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча пикир алмашышты.

 

Ошондой эле COVID-19 пандемиясынын мындан ары жайылышын болтурбоодо тажрыйба алмашуу үчүн биргелешкен аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Министрлер ошондой эле Ирландиянын “жашыл экономика” жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү тажрыйбасын эске алуу менен эки тараптуу мамилелерди активдештирүү, келишимдик-укуктук базаларды кеңейтүү, БУУнун алкагында көп тараптуу кызматташтык багыты боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Министрлер жакынкы аралыкта онлайн конференция форматында министрлердин орун басарларынын деңгээлинде Тышкы иштер министрликтердин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүүнү макулдашты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн