Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:35
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ирригациялык системабызды толук санариптештирип, сугаруунун заманбап технологияларын колдонууга өтүшүбүз шарт

23.06.2021 20:12
1133
Ирригациялык системабызды толук санариптештирип, сугаруунун заманбап технологияларын колдонууга өтүшүбүз шарт


Мөңгүдөн өрөөндөрүбүзгө жетип келген сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн ирригациялык системабызды толук санариптештирип, суунун ар бир тамчысын өлчөп, электрондук ыкма менен бөлүштүрүп, адам факторун жокко чыгарып, коррупциянын тамырын курутуп, сугаруунун заманбап технологияларын колдонууга тез арада өтүшүбүз шарт.

Тамчы сугат, жамгыр сугат, жер асты сугат системаларын пайдаланган фермерлерге токтоосуз каржы маселесин чечип берүү зарыл.

Ар бир фермер өз жеринин бир четине, өз суу керектөөсүнүн көлөмүнө жараша минисуусактагыч - көлмө жасоого өз алдынча аракет кылганы дурус.

Быйылкы кургакчылыктан туура тыянак чыгарып, келечекти көздөй чечкиндүү кадамдарды бүгүн жасашыбыз зарыл!
Эртең кеч болуп калат.

Жогорку Кеңеш тараптан, ар түрдүү жомокчу, жамакчы квазикеңешчилер тараптан коомго таңууланган алаксытма, популизм жыттанган талкуулардан эч кандай пайда жок.

Иштин көзүн билген күчтүү, илимдүү адистердин башын бириктирип иш тутсак жакшы болмок!

Бизге чечкиндүү агрардык реформа керек!

Манас Саматов, айыл чарба адиси

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн