Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Иса Өмүркулов ЕККУ ПАнын онлайн конференциясына катышты (фото)

09.06.2020 18:39
869
Иса Өмүркулов ЕККУ ПАнын онлайн конференциясына катышты (фото)


Бүгүн, 9-июнда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жетекчилери Орто Азия делегациясы менен COVID-19 илдетине каршы күрөшүү багытында формалдуу эмес онлайн конференция өткөрдү.


ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, аталган конференцияда алгач ЕККУ ПАнын төрагасы Георгий Церетели жана аталган уюмдун башкы катчысы Роберт Монтелла сөз сүйлөдү. Андан кийин Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегация жетекчилери COVID-19 илдетине байланыштуу өз өлкөсүндөгү кырдаал боюнча сөз кылышты.


Ошондой эле экономиканы жогорулатуу, мыйзамдык реформалар, шайлоо жана башка маанилүү делген маселелерге токтолушту. Кыргызстандан катышып жаткан делегацияны КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жетектеди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн