Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:49
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Иса Өмүркулов: Конституция долбоорун көргөн да, окуган да жокмун

18.11.2020 16:35
594
Иса Өмүркулов: Конституция долбоорун көргөн да, окуган да жокмун

Коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоорунун авторлорунун бири деген Иса Өмүркулов долбоорду көрбөгөнүн айтып чыкты.


Анын айтымында, ал референдум өткөрүлсүн деп кол койгонун, ал эми жаңы Конституциянын долбоорун көрбөгөнүн билдирди.  Ал эми кечээ коомдук талкууга коюлган жаңы долбоорду сунуштаган 80 депутаттын арасында Иса Өмүркуловдун аты-жөнү көрсөтүлгөн эле.


"Мен референдум өткөрүүгө гана кол койдум. Автор катары катышкан эмесмин. Конституция долбоорун көргөн да, окуган да жокмун. Албетте, эми долбоорду окуп чыгам", — деди Өмүркулов.

Буга кошумча ал жаңы долбоордун автору ким экенин билбей турганын айтты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн