Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Иса Өмүркулов: Кубатбек Боронов бир партияга тиешеси жок, бейтарап фигура

16.06.2020 13:15
945
Иса Өмүркулов: Кубатбек Боронов бир партияга тиешеси жок, бейтарап фигура

 

Өкмөт башчысына талапкер Кубатбек Бороновдун эч бир партияга тиешеси жок, бейтарап фигура. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов бүгүн, 16-июнда Көпчүлүк коалициясынын жыйынында депутат Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.


Анын айтымында, нейтралдуу талапкер босун деген сунушка басым кылышкан. “Биз -  Көпчүлүк коалицияга кирген 4 фракциянын депутаттарынын кеңешүүсү менен бир чечимге келип, ушундай сунушту бердик”, - деп билдирди Өмүркулов. 


Кийин өкмөттүн иши боюнча көпчүлүккө кирген партиялар жоопкерчиликти алгыдай болуш керек деген пикирин билдирди. 


Ошондой эле эл өкүлү Кубатбек Бороновду парламенттик шайлоодо ачыктыкты камсыздап берүүнү, өз партия, оппоненттер партиясы деп бөлүп жарбоого чакырды. 

“Эл аралык байкоочулардын баамында, Кыргызстанда акыркы учурларда шайлоолор таза өтүп келе жатат. Бул жолу да ачык-айкын, таза өткөрүүгө өкмөт өзүнүн функциясына ылайык иш жүргүзөт”, - деп жооп берди Боронов.

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн