Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Иса Өмүркулов: Премьерди шайлоодо коалициялык көпчүлүк абалды саясатташтырбашы керек

16.06.2020 11:30
1142
Иса Өмүркулов: Премьерди шайлоодо коалициялык көпчүлүк абалды саясатташтырбашы керек


Жогорку Кеңештин Көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын депутаттары бүгүн, 16-июнда премьер-министрлик кызматка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун талапкерлигин карап жатат.


Жыйынга төрагалык кылып жаткан КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Мухаммедкалый Абылгазиевдин ушул жагдайда премьер-министрликтен кетүүсү туура чечим болду.


Албетте, өкмөт башчы алмашпай турса деле жакшы болмок. Себеби бир жагына коронавирус менен күрөшүү, экинчи жагынан экономиканы көтөрүү маселеси турат. Биз коалициялык көпчүлүк учурдагы абалды саясатташтырбай, натыйжа берүүчү чечимдерди кабыл алуубуз зарыл. Азыркы кырдаалдаргы максат – өкмөттүн ишин аксатпай, ишмердүүлүгүн сактап калышыбыз керек жана саясий туруксуздукка жол бербешибиз шарт. Ошондой эле министрлер кабинетинин нугун бузууга жол бербөө абзел. Азыр келген премьер-министр жаңы парламент шайланып келгенче убактылуу иштейт. Мындай өткөөл мезгилде иштегендер эл оозунда техникалык премьер-министр деп аталып келген. Эми ага мүмкүндүк берүү максатка ылайык келип турат. Азыр келчү премьер-министр шайлоого катыша турган саясий партияларга калыс караган негизги фируга болушу керек”, - деп айтты Иса Өмүркулов.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн