Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:43
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Иса Өмүркулов: "Өкмөттүн ишине планына жараша баа беребиз да"

11.03.2020 17:42
895
Иса Өмүркулов: "Өкмөттүн ишине планына жараша баа беребиз да"


Депутат Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт жер-жерлердеги башкы планда бекитилген жер тилкелерин башка категорияларга которуу маселелерин ушул кезге чейин жарытылуу чече албай келатканын айтты.  


"Айрым аймактардын планы да жок экен, анан кантип чечилет? Бул тууралуу бизге келген жергиликтүү кеңештердин депутаттары билдирип жатат. Өкмөттүн ишине биз ошого жараша баа беребиз да”, - деди ал.


Андан тышкары, Кенжебек Бокоев, Мирлан Бакиров сындуу бир катар депутаттар сунушталган мыйзам долбоорунда көптөгөн грамматикалык жана техникалык каталарга жол берилгенин, айрым сөз түшүп калганын белгилешти. Демилгечи мыйзам долбоорун экинчи окуунун жүрүшүндө текстеги мүчүлүштүктөрдүн баарын оңдоп келүүгө убада берди.


Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтарга караганда, айыл чарбасындагы эмгек өндүрүмдүүлүгү кайра иштетүү өнөр жайына караганда 3 эсеге, курулуш тармагына караганда 8 эсеге, соода-сатык тармагына караганда 6 эсеге төмөн. Ошондон улам, өлкөнүн айыл чарба тармагы терең жана кеңири реформалоого муктаж.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн