Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Иса Өмүркулов уулунун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча комментарий берди

16.05.2021 20:51
1226
Иса Өмүркулов уулунун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча комментарий берди


Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов уулу Азамат Өмүркулов жана велосипедчен катышкан жол кырсыгы боюнча комментарийди  "Sputnik Кыргызстан" агенттигине берди.


"Баары жайында, эч ким тебеленген же сүзүлгөн эмес. Менин маалыматым боюнча, уулум светофордун акыркы жашыл чырагында солго бурулганда жөө адамдар өтүүчү жолдон велосипедчен өтүп кеткиси келген. Натыйжада уулум велосипеддин канатына тийген", - деди депутат.


Анын айтымында, окуя болгон жерге тез жардам унаасы келип, жабырланычууну ооруканага алып кетишкен. Ал эми Азамат Өмүркулов кармалган эмес жана уулу эч кандай баңги зат колдонбой турганын белгиледи.


"Менин уулум баңги зат колдонбойт. Ал жерден эч ким качып кеткен жок. Кырсык маанисиз экендигин дагы бир жолу кайталайм", - деп сөзүн жыйынтыктады Иса Өмүркулов.


Эске салсак, Азамат Өмүркулов өзүнүн Porsche Panamera үлгүсүндөгү автоунаасы менен жөө адамдар өтүүчү жолдо адамды сүзүп кеткен. Окуя кечээ, 15-майда Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ошондой эле экспертизанын жыйынтыгы боюнча, Азамат Өмүркуловдун канынан баңгизат табылгандыгы белгилүү болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн