Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулуна карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
"Азамат Өмүркулов сүзүп алган кыз жеңил жаракат алган. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Жыйынтыгында кыз Өмүркуловго карата эч кандай доо жок экенин билдирген
Буга байланыштуу иш токтотулуп, жол эрежесин бузгандыгы үчүн Азамат Өмүркуловго 22,5 миң сом айып салынган",- деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 15-майда депутаттын уулу велосипед айдап бара жаткан кызды сүзүп алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн