Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ысакбай Жетимишов, мигрант: Кыйын күндө кыргыздардын бир муштумдай түйүлүп, бири-бирине кол сунганы толкундатты

12.06.2020 11:19
1510
Ысакбай Жетимишов, мигрант:  Кыйын күндө кыргыздардын бир муштумдай түйүлүп, бири-бирине кол сунганы толкундатты

Акыркы кездери Россияда иштеп жүргөн мигранттар Кыргызстанга кайтып, чек аралардын жабык турганына байланыштуу азап тартып жатат. Сиз да Москвада мигранттар менен аралашып жүрөсүз. Мекендештерге кандай кеңеш берет элеңиз?


-     - Эми өтө зарыл жумуш болбосо Кыргызстанга кайтыштын кереги жок. Бардык мамлекеттер чек араларын жаап, эч кимди өткөрбөй жатканын билип, ойлонуп иш кылышыбыз керек. Казакстандын чек арасынан өтө албай 20 күндөп азап чегип жаткандарды көрүп жатабыз. Россияда өзүбүздөн эле чыккан шылуундар бар. Алар пайда таап алыш үчүн алдын ала акча алып, мекендештерибизди ара жолго таштап жатканын көрүп жатабыз. Азыр дүйнөнү коронавирус каптап, жер жүзүндөгү мамлекеттердин баарында абал бирдей. Кыргызстанга барып эле эч ким жыргап кеткен жок. Шашып баргандар Кыргызстандагы обсервацияда Москва көзүнөн учуп жатканын да көрүп жатабыз.


-    - Сиз ыйман жолунда жүргөн улуу адам катары мигранттарга кандай кеңеш берет элеңиз?


-     - Шашпаш керек туургандар. Буйруса баары жакшы болот. Жараткан тарабынан берилген бул сыноодон татыктуу чыгалы. Кыргыздар сабырсыз, тартипсиз экенибизди дүйнөгө таанытып уят болбойлу. Акырындык менен Россияда да карантинтин нормаларын жумшартып жатат. Үйүндө олтуруп калгандар жумушка чыгып, акча таап, оокат кыла баштады. Биз буга шүгүр кылышыбыз керек.  


-     - Москвада карантин учурунда кыргыздар өздөрүн кандай көрсөттү?


-      - Бул жерде элчиликтин ишин белгилеп койгонубуз туура. Аликбек Жекшенкулов деген чыныгы дипломат элчибиз күнү-түнү иштеди. Аны менен тааныштыгым болбосо да азамат экен деп калдым. Мындан сырткары өзүбүздүн чыгаан жигиттер тамак-ашка муктаж болгондорду кароосуз калтырбады. Элчилик менен бирге азык-түлүк менен камсыз кылып турду. Кыргыздардын ушундай кыйын күндө бир муштумдай түйүлүп, бири-бирин таштабаганы мени абдан толкундантты. Буйруса биздин келечегибиз кең. Ушундай жаштарыбыз турганда сөзсүз өсөбүз. 

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Исабеков
Кошулам создорго туура айтат
Рооза
Аяшим тууру айтыптыр.
Надыр
Кандай аяшиниз болот
Атир
Ысак аяш ишинизге ийгилик!
Доолатбек
Ысак байке молодецсиз