Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Исаков Москва районундагы 8-абакта, Сатыбалдиев Бишкектеги 47-абакта жаза өтөйт

22.04.2020 17:33
1501
Исаков Москва районундагы 8-абакта, Сатыбалдиев Бишкектеги 47-абакта жаза өтөйт



Бүгүн, 22-апрелде №1 убактылуу кармоочу жайында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясынын кезектеги отуруму өттү.

 

ЖАМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, комиссия тарабынан 86 адам кандай режимде жана кайсы жерде жаза өтөй турганы каралды. Отурумда экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электр станциялары» ААКтын мурунку башкы директору Салайдин Авазовдун жаза өтөй турган жери аныкталды.


Аларга Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттун биринчи жана экинчи инстанцияларынын айыптоочу өкүмү чыккан. 


Комиссиянын чечимине ылайык С.Исаков жалпы режимдеги №8 мекемеде (Москва районундагы Петровка айылында), Жантөрө Сатыбалдиев жалпы режимдеги №47 мекемеде (Бишкек шаарында), Салайдин Авазов жалпы режимдеги №27 мекемеде (Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында) жаза өтөйт.


Белгилей кетсек, 23-мартта Бишкек шаардык сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловго карата козголгон кылмыш иш боюнча отурум өткөн.


Сапар Исаков күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагына 15 жылга эркиндигинен ажыратылды. Муну менен дипломатиялык рангынан, 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат. Камактагы баш коргоо чарасы да өзгөртүлгөн жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн