Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Исфана шаарында катуу селдин кесепеттери иликтенип жатат

04.05.2020 09:58
1123
Исфана шаарында катуу селдин кесепеттери иликтенип жатат


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Исфана шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу маселени талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, анын кесепетинен административдик мекемелерди жана турак жайларды суу каптаганын маалымдады. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу кетти.


Учурда селдин ксепеттерин жоюу жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча иштер жүрүүдө, электр энергиясын берүү калыбына келтирилди.


«Өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиги бар жерлердеги адамдардын коопсуздугун камсыздоо керек. Турак-жайды камсыздандыруу керектиги тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү. Бул табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүдө маселелерди чечүүгө шарт түзөт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн