Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:40
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Иш башкармалыктын бөлүнүшүнө каршы. Садыр Жапаров 7-чакырылыштын депутаттарына кайрылуу жасады

30.12.2021 14:11
1359
Иш башкармалыктын бөлүнүшүнө каршы. Садыр Жапаров 7-чакырылыштын депутаттарына кайрылуу жасады

Президент  Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарына кайрылды. 


Ал президентти, парламентти, Министрлер кабинетин бир эле иш башкармалык тейлей турганын айтып, ар бирин өзүнчө бөлүү ашыкча чыгым экенин билдирди. 


"Президентти, парламентти, министрлер кабинетин бир эле Иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей баш иет. Себеби бул мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, а силерди тейлебейм деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме бересиздер, камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет. Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер. Баарыбызды бир эле Иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет", -деди президент. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн