Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ыш каптаган Бишкек. Маселени кантип чечсе болот?

05.01.2021 14:22
1030
Ыш каптаган Бишкек. Маселени кантип чечсе болот?

Акыркы бир нече жылдан бери карай борбор шаарыбыз Бишкектин үстүн көк түтүн каптаган маселе жаралды. Убагында жашыл шаар аталып, экологиялык абалы мынчалык көйгөйлүү болуп калаары түшкө да кирбеген эле. Шаар сыртына чыгып, бийигирээк жерден Бишкекти карасаң, ТЭЦтин эле трубалары көрүнөт. Ошентип Бишкектин абасы рейтинг боюнча булганган ири шаарлардын ичинен биринчи орунга чыкты.


Албетте, шаардын абасы булганып жатканы, анын адам баласынын ден-соолугуна терс таасирин тийгизээри тууралуу депутаттар, мамлекеттик чиновниктер тарабынан көп эле сөздөр айтылып келет. Бирок, ушул күнгө чейин бул көйгөйдү кандай жол менен чечүү керек экенин айткан жан жок. Алтургай кескин аракеттер да байкалбайт.


Булганган абаны жакшыртуу багытында башка өлкөлөр кандай иш-аракеттерди жасаган? Балким, өзүбүз эмне кыларды билбей жатсак, анда башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын пайдаланып көрөт чыгарбыз.


Убагында Франциянын борбор шаары Париж да абасы өтө булганган шаарлардын катарын толуктап турган. Бирок, акыркы бир нече жылдардан бери карай Париждин абасы улам тазаруу жолунда. Бул үчүн Франция бийлиги кандай чараларды колдонгон? Биринчи кезекте алар автоунааларды чектөөнү колго алган. Мисалы, автоунаа айдоочуларга шаар ичине кирүүгө бир күн уруксат берилсе, экинчи күнү уруксат берилген эмес. Башкача айтканда, мурда шаар ичинде бир күндө канча автоунаа жүргөн болсо, алардын жарымы үйлөрүндө токтоп тура тургандай чара көрүлгөн. Мындай талапты бузгандарга айып пул салынган.


Ошентип отуруп 1990-жылы шаар ичинде автонуулардын саны 45%ка азайып, велосипед менен жүргөндөрдүн саны үч эсеге көбөйгөн. Коомдук транспорттун үлүшү 30%ка өскөн.


Париждин бийлиги 2025-жылга чейин шаар ичинде жалаң электр жана биоотун менен жүрүүчү экологиялык жактан таза автобустар гана жүрүп кала турганын убада кылып келишет. Ал эми 2030-жылга чейин бензин жана дизель менен жүргөн транспортторго биротоло тыюу салуу жагы да пландаштырылып жатат. 


Англиянын борбору Лондондо да узак жылдардан бери карай шаардын абасын тазартуу багытында тынымсыз аракеттер жасалып келет. Ал өз натыйжасын бербей койгон жок. Лондондо 2003-жылдан бери карай шаардын борборуна кирген автоунаалар үчүн акы төлөнөт. Мындай жол менен шаар бийлиги борбордогу автотыгындарды гана азайтпастан, шаардын абасынын тазаруусун да жакшырта алган. Аталган шаардын бийлиги да Париж бийлиги сыяктуу эле коомдук транспорттордун баарын электрдик автобустарга өткөрүүнү пландап жатат.


Германиянын борбору Берлинде 4 млндун тегерегинде калк жашаганына карабай, абасынын тазалыгы менен мактана алышат. Себеби, алар дүйнө мамлекеттери абанын булганып баштаганы тууралуу кооптонууларды айта баштагандан тарта эле алдын-алуу чараларын көрө баштаган. Берлиндин көчөлөрүндө бекитилген стандартка туура келбеген бензин же дизелдик күйүүчү май менен жүргөн автоунааларга тыюу салынат. Ошондой эле шаар ичинде электромобилдер менен жүрүүнү туура көрүшөт. Электромобилдерди заряддай турган станциялар да жетиштүү. Берлиндиктер жеке өздөрүнүн иштерин велосипед же электр самокаттары менен эле каттоо менен бүтүрө алышат.


Ал эми коңшулаш Кытайдын борбору Пекин шаарында акыркы 20 жыл ичинде абанын сапаты байкалаарлык жакшырган. 2013-жылдан тарта Пекин бийлиги шаарды каптаган ыш менен күрөшүүнүн системалуу жана интенсивдүү чараларын кабыл алган. 2017-жылы 3,94 млн үй көмүр менен жылытуудан жаратылыш газына, же электр энергиясына өткөн. Шаардагы ири көмүр от казандарынын иши токтотулган. Талаптарды аткарбагандарга айып пул каралган.


Ал эми Кыргызстандын борбору Бишкекти ыш каптап, абанын булганганы тууралуу коңгуроо кагылганына бир нече жыл болуп калса да чечкиндүү чаралар көрүлө элек. Өзгөчө кыштын күнүндө Бишкектин жаңы конуштарында дем алууга мүмкүн болбой калат. Ар ким тапканы менен үйүн жылытат. Көмүрдүн сапаты кандай экенин да текшерген жан жок. Жеке үйлөрдө мончо жагып иштеткендерди тескеген да чаралар байкалбайт. Ошону менен катар эле шаар ичинде жүргөн автоунаалардын абанын булганышына канчалык салым кошуп жатканын так анализдөө бололек. Эгерде мунун баарына кайдыгер карай бере турган болсок, анда калктын саламаттыгы өтө чоң коркунучка кептелет. Балким, кыргыз бийлиги дагы жогорудагы мамлекеттердин тажрыйбасына таянып иш кылууга өтүшөттүр деген үмүт бар.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн