Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:37
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Иш козгойм деп адамдарды коркутуп акча талап кылган прокуратуранын жалган кызматкери кармалды

20.05.2022 12:52
288
Иш козгойм деп адамдарды коркутуп акча талап кылган прокуратуранын жалган кызматкери кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы Б. уулу А. аттуу жалган прокурор кармалып, Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.


Ал өзүн прокуратура кызматкери катары тааныштырып, А.Э.Д. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартамын деп коркутуп, анын уюлдук телефонун жана 50 000 сом өлчөмүндөгү накталай акчасын алган.


Тергөөнүнүн жүрүшүндө, кармалган жаран Б.улуу А. социалдык тармактар аркылуу өзүн Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери катары көрсөтүп, прокуратура органдарынын формалык кийимин кийип түшкөн сүрөттөрдү жайгаштырып, ошондой эле белгилүү бир акча каражаттары үчүн юридикалык маселелер боюнча өзүнүн кызматтарын сунуштап келгендиги аныкталган.


Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катышы аныкталууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн