Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Исхак Масалиев Алмаз Мамбетовго: Колунан жакшы иш келбеген адам эстеликтер менен күрөшөт

25.08.2021 12:13
1502
Исхак Масалиев Алмаз Мамбетовго: Колунан жакшы иш келбеген адам эстеликтер менен күрөшөт

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коммунист Исхак Масалиев Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетовду сындады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


Экс-депутат Мамбетовдун Ленин эстелигин алдырам деген сөзүнө нааразы.


"Бүгүн бир кабар угуп калдым, Ош шаарынын мэрдин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ленин эстелиги жөнүндө кеп кылыптыр. "Эл чечим кабыл алса эстелик алынат" дептир. Башка көйгөй Ошто калбаптыр... 

Балыкчыда эстеликти алып койдуң, шаардыктар жыргап кетиштиби?

Алмаз иним, сураныч ушундай иштериңди таштасаңчы!

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө шарт түзүп берген кишилердин бири жана эң негизгиси - Владимир Ленин болгон, мындан эч ким танбайт.

Акылы жок адам, колунан жакшы иш келбеген киши эстеликтер менен күрөшөт.

Андан көрө, токтогон ишканаларды жандандырсаң, жетпеген мектептерге көңүл бургун Алмаз...",- деп билдирүү калтырган Масалиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн