Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:47
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Исхак Масалиев Атамбаевге жолугуп, кечирим сурап чыктыбы?

14.02.2022 10:56
3999
Исхак Масалиев Атамбаевге жолугуп, кечирим сурап чыктыбы?

Өткөн жумада Алмаз Атамбаевден 47-колонияга барып, кабар алып койдум.

Ушул нерседен саясат издеп эмне кереги бар? 

Мен 2000-жылы президенттик шайлоодо ал кишиге активдүү жардам бергенмин. Аскар Акаевдин кызматтан кетирүүгө Алмаз Шаршеновичтин салымы аз эмес.

Убакыт келгенде өзү да президент болду. Кетирген каталар бар, аны өзү да билет.

Алмаз Шаршеновичке барганымды айтпай эле жүрдүм, бирок маалымат жарыкка чыккандан кийин тактап койсом.

1. Кечирим сураган эмесмин, өзүмдү күнөөлүү деп эсептебеймин. Президенттик кол тийбестигини алганда мен толук алып коёлу деген болчумун. Бирок менин кесиптештерим Соке бар деп, атайын шарт менен алынсын деген пикирди сунуштап, кабыл алышкан. Мен каршы чыктым. Азыр да кайталап койсом ашыктык болбойт. Президент кызматын тапшыргандан кийин ЭЧ КАНДАЙ кол тийбестик болбосун, жөнөкөй жаран катары жооп берсин! Бул тартип бир гана Атамбаевге тийиштүү эмес, баардык президенттерге таанымал.

2. Мурдатан эле, камакта отурган саясатчылардан кабар алып жүргөнмүн. Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Эльмурза Сатыбалдиев жана башкалар. Ошол эле Садыр боюнча Сооронбай Жээнбековго кат жазып кайрылганмын, бошоткун деп. Өзүмдүн башымдан ушундай балакет 2010-жылы өткөн, ошондуктан эркиндиктин баасын жакшы түшүнөм. Өзгөчө саясий көз карашы үчүн камалганы туура эмес. Жеке пикирим ушул.

 Алмаз байке экөөбүз узак сүйлөштүк. Мурдагы таарыначтырды унутуш керек, турмуш алдына кете берет деген ойго келдик. Эмнеси жаман?

Ал кишиге бекем ден соолук каалаймын. Мойнуна койгон көптөгөн кылмыш иштеринен көпчүлүгү туура эмес, алар үчүн жооп бере турган кишилер башка. Аны ачык эле айтып турамын. 

Келигиле достор, "бөйрөктөн шыйрак чыгарбай" эле коёлу, жөнөкөй иштен саясат кылбай.

Ким билет, убакыт келгенде, азыркы өлкөнү башкарган жигиттерден да кабар алып калышыбыз мүмкүн, ошондо жактоочулар (мактоочулар) кайда болот?

Адам бололу достор...

Узак жазсам урушпагыла...


Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн