Депутат Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасына талкууга алынган Камчыбек Жолдошбаевдин кылыгы тууралуу жазды.
Ал депутаттын бул мамилеси, Жогорку Кеңештин элге кылган мамилеси экенин белгиледи.
"Уялчак депутат - Камчибек Жолдошбаев эки күдөн бери интернет сахнада жүрөт. Үч бармактуу комбинацияны көрсөтүп, мэ сага деп! Бир ой - ушул мамиле, жалпы Жогорку Кенештин депутаттарынын көрсөткүчү. Мыйзамсыз мөөнөтүңөрду узарттыңар десе - ме сага, мыйзамдарды одоно түрдө буздуңар десек - ме сага, кеткиле десе - ме сага... Жөнөкөй жарандардын жана бийликте отурган кишилер менен ортосундагы ажырым өсүп баратат. Түшүнбөсөң - камап таштайбыз", - деп жазган Масалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн