Бугу 12, 2024
Убакыт: 17:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Исхак Масалиев: Кемпир-Абад боюнча камалгандар менен мен да болгонмун, күбө катары мени да сурагыла

11.01.2023 15:32
253
Исхак Масалиев: Кемпир-Абад боюнча камалгандар менен мен да болгонмун, күбө катары мени да сурагыла

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев   Кемпир-Абад боюнча кармалган 25 жаран 2 айдан бери бир дагы жолу суракка алынбагандыгын сынга алды.


Анын айтымында, Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын кафеде жолугушуу учурунда бийликти басып алуу боюнча бир дагы сөз болгон эмес. Масалиев ал жолугушууга өзү дагы катышкандыгын, алар боюнча күбө катары айтып жаткандыгын белгиледи.


«Камалганына эки ай болсо дагы сурак болбогон жарандарыбыз бар. Бул нормалдуу көрүнүшпү? Жарандарды эркиндикке чыгаргыла, бошоткула. Прокуратура органы мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөшү керек. Сурак эмнеге кечигип жатканын көзөмөлдөшүңөр зарыл», — деди Масалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн