- Исхак Абсаматович, административдик-аймактык реформа парламент аркылуу өтүүгө тийиш экендигин айттыңыз. Бирок, негизи сиз аймактардын ирилештирилишин колдойсуз да?
- Конститциянын 80-беренесинин 9-пунктунда Жогорку Кеңеш административдик-аймактык бөлүнүшүн карайт деп жазылган. Демек, биз өзүбүздүн ыйгарым укуктарыбызга ылайык ушул реформаны бекитип беришибиз керек. Экинчиси, Бишкек шаары боюнча өзгөчө мыйзам бар. Шаарга жакын аймактардын Бишкекке кошулушун мыйзам менен чечели да. Президенттин жарлыгы туура эле кетип атат, бирок биз бекитишибиз керек. Негизи, реформа зарыл. Себеби, майда айыл өкмөттөрү бар, аларды кошуп, ирилештирүү кажет. Бишкектин тегерегиндеги Лебединовка сыяктуу кыштактар эчак эле шаар болуп калган. Аларды башкалаага кошкон туура эле. Бирок, бул жерде көп маселе бар. Мисалы, айыл чарба жерлери шаарга кирбейт деп койду. Жарандар кирип, жери кирбейби? Алар жер үлүштөрүн алган да. Жарандарды шаарга кошсок, үлүштөрү да шаарга кошулабы? Шаардын ичинде 5-6 гектардан үлүш болмок беле? Демек, ушул маселелерди талкуулап, шашпай чечиш керек.
- Реформанын алкагында Бишкекке кошулган айылдардын айрым тургундары “биздин жерибиз, малыбыз кандай болот?” деп кыжалат болуп атышкандары айтылууда.
- Кеп ушунда болуп атат да. Муну талкуулап туруп, бир жолун табыш керек. Кээ бир адамдар сиз айткандай “мал бага албай каламбы?” деп кыжалат болгону мыйзам ченемдүү көрүнүш. Негизи, шаарга кошулган алар үчүн ыңгайлуу. Себеби, мэрия ал аймактарга жол салып, свет тартып, газдаштырууга милдеттүү. Мен бир эле жакшы мисалды келтирейин. Мурас Ордо деген жаңы конуш бар. Анын эле жанында Аламүдүн районуна караган Салкын-Төр деген кыштак бар. Мурас Ордодо жолдор асфальтталып, мектептер курулуп, көчөлөр жарыкталган. Ал эми Салкын-Төр болсо капкараңгы. Алардын арасын болгону бир жол бөлүп турат…
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн