Жергиликтүү кеңештин шайлоосу 5-октябрдагынан акчанын көлөмү боюнча айырмаланды. Мындай пикирин "Кыргызстан Коммунисттер" партиясынын лидери, экс-депутат Исхак Масалиев "Азаттык" үналгысынын эфиринде билдирген.
Анын айтымында, жергиликтүү кеңештин шайлоо 5-октябрдагы парламенттик шайлоодон акчанын көлөмү боюнча айырмаланган.
"Өлкөдө бийлик алмашса эле, таза шайлоо өткөрөбүз деп убада бере берет. Бирок натыйжада көрү жатабыз го кайра эле сатып алуу менен өтөт. Жергиликтүү кеңештин шайлоосу 5-октябрдагынан акчанын көлөмү боюнча айырмаланбаса башка эч нерсеси менен айырмаланган жок. Бул шайлоодо азыраак акча сарпталды. Эмиа албетте, бул парламенттик шайлоо эмес",- деди Масалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн