Исхак Масалиев 25-майдан тартып Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-майда парламенттин жыйынында билдирди.
Депутат трибунада сөз сүйлөп жатып, Жогорку Кеңештин дарегине эң көп сын айтылган ушул чакырылыштагы парламент болуп эсептелди, деп айтты.
“Эл 1,5 айдан бери эң оор абалда, карантинде жашап жатат. Өкмөт өзүнүн отчетунда өткөн жылы пландаган иштердин 80 пайызы аткарылды деген, иш жүзүндө андай болгон жок. Антикризистик планды дагы деле аткара элек, биз анын аткарылышын көзөмөлдөй албай жатабыз. Анткени парламенттин алы келбей турат. Мен 25-майдан тартып ыйгарым укугумду тапшырып кетейин деп чечтим. Анын себеби эң жөнөкөй”, - деди депутат.
Ошондой эле Масалиев депутаттардан кандайдыр бир кемчилик кетирген болсо кечирим сурап, ыраазычылыгын билдирди жана шайлоочуларынан да кечирим сурап, Кыргызстанга өнүгүү каалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн