Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Исхак Масалиев: Өкмөт өзгөчө абал режимин кайра киргизүү маселесин карашы керек

24.06.2020 13:47
1575
Исхак Масалиев: Өкмөт өзгөчө абал режимин кайра киргизүү маселесин карашы керек


Кыргызстандын эпидемиологиялык абал курч болуп жаткан аймактарында өзгөчө абал режимин кайрадан киргизүү маселеси каралышы керек. Мындай оюн экс-депутат Исхак Масалиев бүгүн, 24-июнда “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда коронавирус жуктуруп алгандардын саны өсүүдө. Айрыкча Бишкекте абал курчуп атат, ошондуктан шаарды жаппай коюуга болбойт.

“Бирок элибиз ага канчалык чыдайт, мунун артындагы экономикалык жоготуунун ордун өкмөт кантип толтурат бул чоң маселе. Милиция жана медицина кызматкерлерине бериле турган акчаларды бөлө албай жаткандан кийин калганын эмне деп айтабыз? Бишкек шаарында 1 миллиондон ашык калк жашайт, анын баары тейлөө кызматы менен тиричилик кылат, ал жагын да ойлонуу зарыл”, - деди ал.

Исхак Масалиев күн сайын 200дөп коронавирус катталып жатканы жана өлгөндөрдүн саны өсүп жатканы өтө коркунучтуу экенин белгилеп, бул жагын эске алганда өзгөчө абал режимин кабыл алуу маселеси күн тартибине коюлуш керектигин, өкмөт жана республикалык штаб сөзсүз бул суроону карап чыгышы зарылдыгын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 24-июнга карата илдетти жуктургандар 3726 учурга жетип, каза болгондордун саны 42 адамды түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн