Бугу 12, 2024
Убакыт: 07:21
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Исхак Масалиев коронавируска чалдыкты. Ал COVID-19 боюнча статистикадан шек санады

10.06.2021 09:52
716
Исхак Масалиев коронавируска чалдыкты. Ал COVID-19 боюнча статистикадан шек санады

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев коронавирус илдетине чалдыкты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды. 


Масалиев илдет менен күрөшүүдө өкмөттүн кемчиликтерин айтты. Анын айтымында, коронавирусту аныктоо анализдери жөнөкөй эл үчүн кымбатка турат. 


"Коронавирусту аныктоо үчүн анализдерди тапшырууга 15 миң сом акчам кетти. Бул карапайым калкка оор келет. Өкмөт адамдарды вирус жеп баштаганда гана акысыз карайт экен.Анализдерди элге ыңгайлуу баага түшүрүү керек.",- деди Масалиев. 

Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасында күмөн бар экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн